• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова калаадагы эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын, коомдук фонддордун жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Вице-мэр өз сөзүндө мэр Алмаз Мамбетовдун атынан саламаттык сактоо, медицина, билим берүү, маданият, бизнес, экономика тармактарын өнүктүрүүгө жана санариптештирүү, коомдун аялуу катмарларын колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйында туризмди өнүктүрүү жана шаарды эл аралык деңгээлге таанытуу үчүн “Ош – Улуу Жибек Жолунун провайдери” аталышындагы шаардын бренди иштелип чыкканы белгиленди. Эми шаардын майрамдык жасалгаларына, көчөдөгү көрнөк-жарнактарга брендди кошуу сунушталууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө 30дан ашык мекеме-уюмдардын жетекчилери 2021-жылда аткарган иштери тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле бул жылга карата калаанын социалдык-экономикалык тармагын жакшыртуу, анын ичинде туризмди өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү жаатын колдоо, ишкерлердин демилгелерине көмөктөшүү, жумуш менен камсыз кылуу, жаштарды колдоо жана гендердик теңчилик маселелерине байланыштуу пландарын ортого салышты.

Иш-чаранын соңунда өткөн жылы Ош шаарынын социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар уюмдар мэриянын ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий