• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында эл жана турак жай фондун каттоо кызуу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен жолугушту.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, жолугушууда эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшү талкууланды.

Эскертке кетсек, Кыргызстанда 25-марттан 3-апрелге чейин эл жана турак жай фондун каттоо жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Ош шаарында каттоо иштери 45%га аткарылды. Калкты жана турак жай фондун каттоонун ар бир кызматкерине 80-150 обьект, 300-350 жаран туура келет.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен эл жана турак жай фондун каттоонун алкагында конкурс жарыяланды. “Мыкты координатор”, “Мыкты инструктор-контролер”, “Мыкты каттоочу” номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Ош мэриясы шаар тургундарын мамлекеттик маанилүү окуяга жоопкерчилик менен мамиле жасап, активдүү катышууга чакырат. Каттоочуга түшүнүү менен мамиле жасап, анын суроолоруна жооп берүү ар бир адамдын атуулдук милдети.

Пикир

Оставить комментарий