• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында Элеттик аялдар күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Ош шаарында Кыргызстандын бардык региондорунан 100 ашык делегаттарынын катышуусу менен Кыргыз Республикасындагы элеттик аялдар күнүнө арналган бешинчи Улуттук конференция өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдайт.

Аталган конференциянын негизги максаты – бул элеттик аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык процесстерине катышуусун камсыздоо.

Статистикага кайрылсак, Кыргызстанда элеттик аялдардын саны 2 млн жакын. Бул республиканын калкынын бардык аялдарынан 65% жакынды түзөт. Элеттик айымдар чоң киреше бербеген тармактарда эмгектенишет. Аялдар көпчүлүк учурда айыл чарба өндүрүшүндө, медицинада, билим берүү жаатында, социалдык тейлөөдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, байланыш жана башка тармактарда эмгектенүүдө.

“Айымдар күнүмдүк үй тиричилигин аткаруу менен бирге баланы тарбиялап, акы төлөнүп бербеген коомдук иштерди да аткарып келишет. Азыркы социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, элеттик эмгекчил аялдар айылдын социалдык-экономикалык өнүгүү процессин алдыга жылдыра алган маанилүү күч. Өкмөт элеттик айымдардын абалын жакшыртуу боюнча болгон күч аракетин жумшайт”, - дейт эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова.

Эске салсак, министрликтин демилгеси менен элеттик аялдардын кадыр-баркын, өлкөгө кошкон салымын билүү жана ошондой эле, экономикалык, социалдык, укуктук шарттарын жакшыртууда элеттик аялдардын социалдык статусун жогорулатуу үчүн жыл сайын 18-июнду Кыргызстанда Элеттик аялдар күнүн белгилөө КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.

Элеттик аялдарга арналган Улуттук конференция мурдагы жылдары Баткенде, Таласта, Нарында жана Чүйдө өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий