• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында эне тил күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кечээ, 18-февралда Ош мамлекеттик университетинде бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата "Тил - улуттун жүзү" аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, ОшМУнун проректору М. Саитдинова, улуттар ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, студенттер жана ОшМУнун окутуучулар жамааты катышты.

Иш-чаранын алкагында ар улуттун кол өнөрчүлөрүнүн буюмдарынын жарманкеси уюштурулуп, каада-салттары көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, чоң жыйындар залында концерттик программа тартууланып, Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштуруучуларга акчалай сыйлык тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий