• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында Энергетиктер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда Ош шаарында Энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков катышып, энергетиктерди майрамы менен куттукташты.

Мэр өз сөзүндө күнүмдүк жашоодогу энергетиктердин эмгегине токтолуп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда ар бир кызматкердин салымы бар экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле шаардагы энергетика ишканаларын материалдык колдоо иретинде ар бир мекемеге 10 миң сомдон тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий