• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-августунда Ош шаарынын социалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекованын катышуусунда эмдөө жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча штабдык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын маалыматына караганда, ага Саламаттык сактоо тармагынын Ош шаарындагы башкармалыктарынын, мекемелеринин кызматкерлери катышты.

Жыйында калк арасында эмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери жана аткарылып жаткан пландар боюнча сөз болду.

Ошко 2021-жылдын 29-мартынан баштап 26-июлуна чейин жалпы 132 миң 536 доза келип, иштетилгени 63 миң 706 доза же 48,0% түздү. Вакцина алууга көрсөтмөсү бар 18 жаштан жогорку жарандардын саны 119 миң 600 адам, анын ичинен 1-доза алгандар 40 миң 293 (33,7%), 2-доза алгандар 23 миң 421 (20%) түздү.

Эпидемиологиялык кырдаал турукташып бара жаткандыгына байланыштуу шаар аймагында уюштурулган 245 инфекциялык-реанимациялык койка, күнү-түнкү стационар кыскартылып, учурда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдар жугуштуу оорулар стационарында 160 инфекциялык-реанимациялык койкалар иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө “Кызыл зонада” жаткан бейтаптардын жалпы саны 40, анын ичинен шаардыктар 28, райондон келгендер 15 адам.

Пикир

Оставить комментарий