• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында эртеңден баштап айрым көчөлөрдөгү жол кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилет

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Эртең, 18-ноябрь, саат 11:00дөн баштап Ош шаарындагы Шакиров – Монуев – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофорлордун циклдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин мэр Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, атайын адистер тарабынан унаа кыймылы көп болгон кесилиштер такталып чыккан.

Жол тыгындарынын пайда болушун жоюу максатында кесилиштердеги жол чырактардын иштөөсүнө убактылуу өзгөртүү киргизилүүдө. Бул өзгөртүү Масалиев, Ленин, Курманжан-Датка, Касымбеков көчөлөрүнө да тиешелүү.

Пикир

Оставить комментарий