• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында "Эскерүү оту" жанды — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-майында Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде “Эскерүү оту” жанды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлаштыю

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, ардагерлер, аксакалдар, аскер кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев мемориалдык комплекстеги "Өчпөс отту" күйгүздү.

Вице-мэр Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап, фронттогу баатырларды эскерүү акциясынын өсүп келе жаткан муун үчүн маанисин белгиледи.

Белгилей кетсек, бул эстафетага КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жаштар бирикмелери, ыктыярчылар колдоо көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий