• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында гидравликалык сыноо жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 24.09.22./Кабар/. Ош шаардык жылуулук электр борбору жылуулук энергиясын пайдаланышкан бардык керектөөчүлөргө 2022-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарында суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдигин текшерип, бузулган жайларды аныктоо үчүн гидравликалык сыноо жүргүзүлөрүн билдирет.

Жылуулук энергиясынан пайдаланган бардык керектөөчүлөр 1-октябрь саат 24:00гө чейин жылытуу системасындагы түтүктөр туташкан жерлердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабуулары керек.

Гидравликалык сыноо жана жууп-тазалоо 4 этап менен жүргүзүлөт.

I этап: (3-октябрдан 4-октябрга чейин) Курманжан-Датка, Ленин, Г.Айтиев, Амир-Темур, Супаналиев, Алиев, Абдыкадыров көчөлөрү.

II этап: (4 -октябрдан 5-октябрга чейин) Масалиев, Райымбеков, Карасуу, Өзгөн, Монуев, Ашимахунов, Навои, Шакиров, Ош көчөлөрү боюнча (областтык аскер комиссариатынан Ош районуна чейин).

III этап: (5-октябрдан 7-октябрга чейин) М-3 Ø700мм Автотрестке чейин, Салиева, Раззаков, Касымбеков, Жим, Мира, Жаңы-Чек көчөлөрү боюнча (Ош районунан жылуулук электр борборуна чейин).

IV этап: (7-октябрдан 8-октябрга чейин) Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) поликлиникасы, Медициналык факультет, “Ошэлектро” ААК, Ош райондук электр тармактары (Ош РЭС), юр.академия, “Барчын” профилактикалык санаториясы, “Мир семьи” поликлиникасы, М-2 Ø500мм.

"Суу бекиткичтерди өз убагында жабууңуздарды сиздерден суранабыз. Жогоруда көрсөтүлгөн күндөрү мүмкүн болушунча үйдө болууңуздарды суранабыз. Жумушуңуздар болсо жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңизди көзөмөлсүз калтырбаңыздар. Авариялык учурга Ош ЖЭБ ишканасы жооп бербейт.

Байланыш телефондору: 8-52-89, 8-52-52, (0556 085 252)", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий