• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында ИИМдин коомдук кеңешинин көчмө жыйыны өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-декабрда ИИМдин коомдук кеңешинин көчмө жыйыны болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кеңештин мүчөлөрү, эл аралык уюмдар, коомдук профилактикалык борборлор жана жарандык активисттер катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирет.

Жоокерлердин энелери республикалык комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Уулкан Байгубатованын айтымында, жыйындын максаты милициянын эл менен өз ара аракеттенүүсү жаатында тажрыйба алмашуу.

“Милициянын эл менен өз ара аракеттенүүсү жаатында натыйжаларын жалпылоо, тажрыйбаны өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарды, анын ичинде милиция жана коомчулук менен кызматташуу ыкмаларын жана механизмдерин тейлөө мүмкүнчүлүгүн берүү. Мындан тышкары, коопсуздукка байланыштуу жалпы көйгөйлөрдү жана коркунучтарды республикалык жана аймактык негизинде четтетүү үчүн жыйындарды өткөрүп жатабыз. Биз негизинен жыйында ар биринин көйгөйүн угуп, аны бийлик өкүлдөрүнө жеткирип, чечүү жолдорун биргеликте чечүүгө аракет көрөбүз. Беш жылдан бери көчмө жыйындар өтүп келет. Берген жыйынтыктары алгылыктуу болуп жатат десем жаңылышпайм”, - деп кошумчалады ал.

2015-жылы ички иштер органдары менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарынын, идеяларынын негизинде көчмө жыйындарды өткөрүп туруу белгиленген. Анын негизинде 2017-2019-жылдар аралыгында 9 көчмө жыйын өткөрүлгөн. Ал эми жарандык коомдун жана ички иштер органдарынын катышуусунда 2019-жылы 4 көчмө жыйын уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий