• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында июль айына карата 1 миллион 302 миң түп гүл отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Ош шаарында июль айына карата 1 миллион 302 миң түп гүл отургузулду.

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова 2018-жылдын башынан баштап 650 түп ийне жалбырактуу, 2489 түп жазы жалбырактуу дарактардын, 37 000 түп бадал көчөттөр отургузулгандыгын маалымдады.

Белгилей кетсек, отургузулган көчөттөрдүн ичинен 648 түп ийне жалбырактуу, 1240 түп жазы жалбырактуу дарактардын, 35000 түп бадалдардын көчөттөрү ишкананын питомнигинде өстүрүлгөн көчөттөр.

Ошондой эле быйылкы жылы шаардын аймагына 2 миллион гүл отургузуу пландалган болсо, 2018-жылдын 1-июлуна карата 1 миллион 302 миң түп гүлдүн көчөттөрү отургузулду. Ошондой эле, Питомниктеги 5 сотых жерге 2000 түп туянын, 3 сотых жерге 1100 түп каштандын 30 сотых жерге 5500 түп дубдун майда көчөттөрү көчүрүлдү.

Ал эми бош аянтка ишкананын жумушчулары топтолгон ак кайыңдын, кипаристин, можжевельниктин уруктары себилип каралууда.

Пикир

Оставить комментарий