• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында июнь окуясы эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Ош шаарында июнь окуясынын 11 жылдыгы эскерилди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ош окуясында каза болгондордун жана шейит кеткендердин эстелигине куран түшүрүлдү.

"Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексинде болгон иш-чарада гүл чамбарлар коюлуп, бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Ош окуясында курман болгондордун жана шейит кеткендердин үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.

Мындан тышкары, "Шейиттер биримдиги", "Түштүк коогалаңынын шейиттеринин өчпөс оту" "Бирдиктүү эл", "Ош окуясынын дайынсыздары", "Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери", "Өчпөсүн коломто" коомдук бирикмелерге шаар башчысынын атынан акча каражаты тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий