• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында жардамга муктаж 15 үй-бүлөгө көмүр, азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Ош шаарындагы «Имам Хасан» мечитинин имам хатиби Анасхан ажы Ташхужаевдин демилгеси менен жардамга муктаж 15 үй-бүлөгө көмүр жана азык-түлүк тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

«Бул жылы кыш эрте келип, эл даярдыксыз калды. Ал эми муктаж үй-бүлөлөр ар тараптуу кыйналып турган учурда, алар үчүн дагы да оор түйшүк болууда. Алардын кыйынчылыктарын жеңилдетүү максатында атайын кайрымдуулук иш-чарасын уюштурдук»,- деди Анасхан ажы Ташхужаев.

Айта кетсек, жардам үчүн 5 тонна 350 кг көмүр, 300 кг ун, 400 кг картошка, 60 литр өсүмдүк майы, 60 кг макарон жана атайын даярдалган отун өз ээлерине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий