• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында Иран өлкөсү тарабынан курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда Иран Ислам Республикасы гранттык негизде курган жаңы спорт комплекстин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэр Сарыбашов шаардыктарды жаңы спорткомплекстин ачылышы менен куттуктап, Ирандын элчисине ыраазычылык билдирди.

"“Кыргызстан-Иран” достук спорт комплекси бир гана биздин келечектеги чемпиондорду даярдоо эмес, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт десем жаңылышпайм. Биздин машыктыруучулар спорткомплексте өтүүчү иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү менен, ар улуттан турган болочок таланттарды тарбиялап элибиздин спорттук байлыгын, улуттук толеранттуулугун жана мекенчил сезимдерин ойготууга чоң салым кошот. Бул жерде эл аралык мелдештер уюштурулуп, Ош шаарынан мыкты спорт чеберлери, Азия жана дүйнө чемпиондору чыгат деген ишеним чоң”, - деди шаар жетекчиси.

Андан соң шаар мэри расмий коноктор менен биргеликте спорткомплекстин кызыл тасмасын кесип, шарттары менен таанышты.

Ошондой эле Сарыбашов спортчулардын өнөрлөрүнө күбө болуп, алар менен баарлашты.

Аталган спорткомплексте 2 машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар. 1-залында кыргыз күрөш, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, самбо, таэквондо, каратэ боюнча машыгуулар, 2-залда волейбол, баскетбол, кичи футбол боюнча машыгуулар жана мелдештер өткөрүлөт.

Спорт комплекстин короосунда да волейбол аянтчасы бар. Мындан тышкары, кичи балдар ойноочу аянтча да курулду.

Пикир

Оставить комментарий