• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында JICA колдоосу менен “Бир айыл-бир продукт” долбоору ишке ашат

Аймак 0

Бишкек, 09.02.18. /Кабар/. Кечээ, 8-февралда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров JICAнын башкы кеңешчиси Огава Масазуми мырза менен жолукту,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында JICA колдоосу менен ишке ашып жаткан “Бир айыл-бир продукт” долбоорун Ош шаарында ишке ашырып, жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров шаарда өндүрүлүп жаткан продукциялардын сапатын жогорулатып, сырткы рынокко чыгарууга чоң өбөлгө түзүлө тургандыгын белгилеп, Ош шаарынын мэриясы JICA сунушталган “Бир айыл-бир продукт” долбоорун ар тараптуу колдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Ал эми JICAнын башкы кеңешчиси Огава Масазуми мырза “Бир айыл-бир продукт” долбоору буга чейин Ыссык-Көл областында ишке ашкандыгын белгилеп, Ош шаарында да бул багытта иштер жүрүп, ишкерлер өз колундагы жергиликтүү ресурстарды пайдаланып эле өз чеберчиликтери менен дүйнөлүк рынокко чыйыр салса боло тургандыгын айтты. Ошондой эле, эң негизгиси өндүргөн продукциянын сапаты экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Бир айыл-бир продукт” долбоорун ишке ашыруу боюнча JICAнын өкүлдөрү эртен, 9-февраль күнү Ош шаары жана Ош, Баткен, Жалал-Абад областарынан келген жеке ишкерлер менен жолугуп, жыйын өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий