• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында көчөт отургузуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунун Бахапов көчөсүндө көчөт отургузулду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мэриясынын аппараты катышты.

Шаар башчысы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш аракеттерине даярдыктар жакшы жүрүп жаткандыгын белгилеп, шаардыктарды аяр мамиле кылууга чакырды.

"Быйылкы жылдын алгачкы көчөт отургузуу иш-чарасына катышып жатабыз. Бахапов көчөсүнө ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулууда. Шаардыктарды жана келген конокторду жасалып жаткан көрктөндүрүү иштерине көмөк көрсөтүп, тебелеп, жулуп кетип жаткан айрым бир терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырам. Бул иш аркеттердин максаты шаарга көрк берип, жашыл зоналарды көбөйтүү болуп саналат", - деди Т.Сарыбашов.

2021-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан жалпысынан 650 түп ийне жалбырактуу, 450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий