• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош шаарында көк бөрү боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Ош шаарында 23-февраль- Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата көк бөрү боюнча турнир өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мелдешке Ош облусунан 12 команда (ар бир райондон 2 командадан) жана Ош шаарынан команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Кара- Суу районунан келген команда, 2-орунду "Алай-2" командасы алса, 3-орунга Кара-Кулжанын командасы ээ болду.

Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Жалил Осмонов катышып, улуттук спорттун түрлөрүн калк арасында жайылтуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти.

Ош шаардык мэриясы турнирдин байге фондуна 100 миң сом бөлүп берди. Турнирдин уюштуруучулары - Ош шаарынын Көк-Бөрү федерациясы жана Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети.

Пикир

Оставить комментарий