• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарында «Көңүл бургула балдар!» аталышындагы рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. 8-9-февралда Ош шаарында жөө адамдарга өтмөктөн өтүүнү үйрөтүү боюнча «Көңүл бургула балдар!» аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага авто мектептин окуучулары, мектеп окуучулары, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык кызматкерлери катышты.

2 күндүк рейддин жүрүшүндө курсанттар жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн кантип өтүшү керектиги боюнча калк жыш жайгашкан аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Шаар аймагында авто мектептерде окуган курсанттары милициянын кайгуул кызматынын техникалык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте калк жыш жайгашкан аймактардагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөгү кырсыктарды болтурбоо үчүн андагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өтмөктөн кантип өтүү керектигин практика жүзүндө көрсөтүштү. Бул практикалык иш курсанттар үчүн да пайдалуу болуп, жол унаа кырсыктарын азайтууну көздөйт.

Рейддин максаты-жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, эл жыш жайгашкан жерлердеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө унаа кырсыктарын азайтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий