• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында көмүрдүн баасына болгон туруктуулукту сактоо боюнча рейд өттү

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Ош шаарында сатылып жаткан көмүрдүн баасын туруктуу сактоо боюнча атайын тийиштүү кызматтар менен рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев баштаган жумушчу топ муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары жана монополияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте иш жүргүзүүдө.

Кечээ өткөн рейдде Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы, ДЭУ аймагындагы көмүр саткан базаларга барып, сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында 1кг көмүр 6,50 - 6,80 тыйындан сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий