• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 21-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, батыр энелер жана коомдук ишмер айымдар катышты.

С.Турдуев бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды куттуктады.

«Эне-бул жашообуздун башаты, үйүбүздүн куту, эң ыйык, эч нерсеге алмаштыргыс, теңдеши жок инсан. Андыктан Сиздер үчүн, урматтуу Энелер, канчалык мактоо, сыймыктануу сѳзүн айтсак да аздык кылат. Энелерибиздин татыктуу үй-бүлѳ күтүп, бала тарбиялап, коомдук турмушка активдүү катышып, Ош шаарынын демографиялык ѳсүүсүнѳ салым кошуу менен жогоруда белгиленген мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болуп жатышкандыгы бизди сүйүндүрбѳй койбойт», - деди биринчи вице-мэр.

Майрамдык иш-чарада энелерге шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечек муундарды тарбиялоодогу кошкон жигердүү эмгеги үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары тапшырды.

Ошондой эле, көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени, “Эне даңкы” медалдары, баалуу белектер ыйгарылды.

Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон балдарды багуучу жана социалдык жактан колдоого муктаж энелерге материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий