• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапшырылды. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.

Шаар башчысы эненин атын сыймыктануу менен атап, баркына жетүү ар бир инсандын милдети экендигин айтып, энелердин коомдогу, жашоодогу ордун баса белгиледи.

“Энелер — нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Дени сак улут эне аркылуу калыптанат. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет. Тогуз ай бою курсагында, бир нече жыл кучагында, андан соң өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн ардактуу энелерге тең келе турган зат, аларга тең аталык сүйүүгө, сыйга татыктуу эч бир жан жаратылбаптыр. Ата-энебизди сыйлап, урматтап туруу, алардын батасын алып, көз жашын агызбай кароо биздин түздөн-түз милдетибиз”,- деди А.Кадырбаев.

Ал эми 33 жаштагы Айжаркын Ыдырысова өткөн жылы “Эне даңкы” медалын алса, быйыл “Баатыр эне” орденине ээ болуп, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

“3 уул, 4 кыздын энесимин. Көп баланын энеси болуп, аларга мээрим төгүү мен үчүн эбегейсиз зор бакыт. Апаларга бүгүн кубаныч тартуулап жаткан Президентке, шаар мэрине терең ыраазычылык билдирем”,-деди А.Ыдырысова.

Белгилей кетсек, бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада 37 энеге “Баатыр эне” ордени жана 27 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды.

Жалпысынан Ош шаарында 700гө жакын баатыр эне бар. Ошондой эле, 300дөн ашуун эне “Эне даңкы” медалына ээ.

Пикир

Оставить комментарий