• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош шаарында көп кабаттуу үй күйүп жатат. Жашоочулар эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу үй күйүп жатат, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-октябрында Ош шаарынын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана бир автошаты тартылган. Мындан сырткары, саат 14:33тө КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана Ош шаардык Куткаруу кызматы тартылган.

ӨКМден билдиришкендей, тилсиз жоо саат 15:05те чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий