• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына кошумча имараттарды куруп, тосмолор менен тосуп, мыйзамсыз гараж орнотуп алган жерлерди бошотуу иштери уланууда.

Төлөйкөн кичи шаарчасында жүрүп жаткан иштерди вице-мэр Жасур Азимов көрүп чыкты. Жашоочулар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жана түшүндүрүү иштери жүрдү.

Көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз курулуштардан арылтып, айланасында көрктөндүрүү иштери менен катар, унаа кирүүчү жолдор асфальтталып, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул иш аракет Ош шаарынын мэриясынын кошумча каржылоо принцибиндеги долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Учурда Төлөйкөн №25,№26,№27,№28,№29 көп кабаттуу үйлөр сырдалып, долбоордун алкагында иштер кызуу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий