• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында күзгү массалык чуркоо өтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Ош шаарында 21-сентябрда күзгү массалык чуркоог өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 5-октябрь шаар күнүнө карата уюштурулуп жатат, башталышы саат 08:30.

Ош мэриясы массалык чуркоого шаар тургундарын, конокторду, спортчуларды активдүү катышууга чакырат. Активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин атынан баалуу белектер, дипломдор тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий