• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында күзгү массалык чуркоого 4 миңге жакын адам катышты

Аймак 0


Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда, Ош шаарынын борбордук аянтында күзгү массалык чуркоо болуп өттү. Ага шаардык мэриянын, мекеме ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, күч органдарынын өкүлдөрү, шаар тургундары, студенттер, мектеп окуучулары, спорт сүйүүчүлөр катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын расмий ачылышына вице-мэр Венера Рыскулова катышып, жалпы катышуучуларды спортко, сергек жашоого чакырды.

Катышуучулар жаш курагына карап бөлүнүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты.

Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин атынан баалуу белектер, дипломдор тапшырылды.

Массалык чуркоо 5-октябрь шаар күнүнө карата уюштурулуп, ага 12 жаштан 80 жашка чейин 4 миңге жакын адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий