• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында кадастр системасын долборлоонун ll этабы башталды

Аймак 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Ош шаарынын мэриясында "Геопартал" (кадастр) электрондук маалыматтык системасын долборлоонун l этабынын жыйынтыгы жана ll этабына коюлган пландар боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, "Санарип долбоор" ЖЧКсынын өкүлдөрү, тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты.

"Санарип долбоор" ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн айтымында, бул системаны Ош шаарында ишке ашыруу менен санариптештирүү багытындагы башка долбоорлорду жөнгө салуу жеңилдейт.

"Биринчи этап 2020-жылдын аягында аяктады. Анын алкагында 50 гектар жерди инвентаризациялоого, 3500 гектар жерди орто сүрөткө түшүрүүгө жетиштик. Ошондой эле муниципалдык менчик башкармалыгын автоматташтыруу болду. Мындан ары экинчи этап башталат. Анын алкагында 3450 гектар калган жер боюнча иштейбиз. Бул долбоор учурда Токмок жана Балыкчы шаарларында ишке ашып, муниципалдык менчик башкармалыгында колдонулуп жатат. Ал эми Ош шаарында башталган экинчи этап кийинки жылдын жаз айларында бүтөт", - деди долбоордун адистери.

Жыйындын алкагында калаа башчысы Алмаз Мамбетов долбоорду сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү тапшырмасын берди.

"Геопартал" (кадастр) электрондук маалыматтык системасы шаардын жер фондун санариптештирүүнүн пайдубалы гана. Келечекте бул система "Интерактивдүү карта", "Коопсуз шаар", "Акылдуу шаар" сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий