• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында Кайгуул кызматы түзүлөт. Талапкерлерге сынак жарыяланат

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн кызмат орундарына сынак жарыялайт.

Документтерди кабыл алуу 16-марттан 16-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Конкурска катышуу үчүн "Ош шаары, Касымбеков көчөсү 30" дареги боюнча кайрылуу зарыл. Байланыш телефондору: жумушчу топ – 3-9563, нөөмөт бөлүгү – 3-9562.

Толук маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий