• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында кайгуул кызматы түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Бүгүн онлайн брифинг учурунда "Энсан Диамонд" коомдук бирикмесинин өкүлү Жамиля Капарова жана Ош шаардык милициясынын башчысы Мурат Боронов Ош шаарында түзүлүп жаткан кайгуул кызматы тууралуу айтып беришти.

Учурда Ош шаарында кайгуул кызматына иштегиси келген талапкерлерди тандап алуу жүрүүдө. Талапкер тандалып алынгандан кийин алар тиешелүү түрдө окуудан өтүп, андан кийин ишке киришет.

"Ош шаарында мындай ачык сынак биринчи жолу болуп жатат. Комиссия 11 кишиден турат. Алардын алтоосу жарандык коомдун өкүлдөрү. Биз билимдүү, татыктуу кыз-жигиттерди тандап алабыз деп ойлойм", - деди Капарова.

Мурат Бороновдун айтымында, Бишкек шаарындагыдай эле Ош шаарында түзүлүп жаткан кайгуул кызматынын эки милдети болот: жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти кароо.

"Аларды каржылоо мамлекет тарабынан болот. Алар жаңы унаалар, рациялар, кийим-кече, тиешелүү каражаттар менен камсыз болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий