• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында кайырчылык кылгандар менен күрөш күчөтүлөт

Аймак 0

Ош, 21.06.19 /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында жумушчу комиссиянын кайырчылык кылган адамдарды текшерүү иш-чараларынын планын талкуулоо боюнча отуруму өттү.

Жыйынга вице-мэр Н. Кадыров, шаардык ишки иштер башкармалыгынын кызматкерлери, мэриянын аппаратынын тиешелүү адистери, шаардык социалдык кызмат жана уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү аймактык башкармалыктын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жумушчу пландын маселелери талкууланган. Ага ылайык шаардын аймагында кайырчылык менен алектенгендер боюнча иш жүргүзгөн кызматтардын иши күчөтүлөт. Шаарда текшерүү иштери жүргүзүлүп, кайырчылык кылган жарандарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Буга чейин жарандардан, кайырчылар боюнча бир катар кайрылуулар болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий