• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында калкты жана республиканын аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылуу маселеси боюнча жыйын өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эртең, 3-майда Ош шаарында калкты жана республиканын аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылуу маселеси боюнча селектордук жыйын өткөрөт.

Ага өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, финансы министри Адылбек Касымалиев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев, «Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Жумашев катышат.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жыйынга он-лайн режиминде видеоконференция аркылуу катышышат.

Пикир

Оставить комментарий