• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында каналга түшүп кеткен 10 жашар кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Ош шаарында Южный каналына түшүп кеткен 10 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ю.М. аттуу кичинекей кыз 19-май күнү Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына түшүп кеткен.

Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 20:50 кеч киргендигине байланыштуу издөө иштерин убактылуу токтотушкан.

20-майда эртең менен издөө иштерин улантылып, саат 06:35 маркумдун жансыз денеси табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий