• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында каралбай калган эс алуу жайы этно жайга айланат

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ленин көчөсүндөгү “Достук” эс алуу багындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, көп жылдан бери каралбай калган эс алуу жайы эми каада-салт, үрп-адаттарды өзүнө камтыган этно жайга айланат.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытын колго алуу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү үчүн жеке ишкерлерди инвестор катары тартып, аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экендигин билдирди.

Ошондой эле ал Достук эс алуу жайы шаардын көркүнө дагы салып кошот деп кошумчалады.

Жеке ишкер Санжар Толубаев эс алуу жайында боз үйлөр, музыканын коштоосунда “бийлөөчү” оргумалар, LED экрандары коюлуп, шаар тургундары үчүн атайын отургучтар менен кооздолот деди. Ошондой эле этно стилинде болгондуктан улуттук музыкалар коюлуп, тамактануучу жайларда утуттук тамак-аштар боло тургандыгын билдирди.

Долбоор үч айдын ичинде бүтүп, шаардагы кооз эс алуу жайларынын катарын толуктайт.

Маалым болгондой, 5 жылга ижарага берилген жай жергиликтүү бюджетке жылына 1 млн сом которот.

Пикир

Оставить комментарий