• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында кароосуз калган балдарды кармоочу борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде Ош шаарындагы эмгек биржасында зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган балдарды убактылуу кармоочу “Үмүт шооласы” борбору ишке берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ачылуу аземине Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов катышышып, келечекте балдар үйү, карылар үйү жоюлуп бактылуу үй-бүлөлөр көбөйүшүнө тилектеш экендигин билдиришти.

Ошондой эле, убактылуу кармоочу жайга келген балдар жергиликтүү бийликтин тыкыр көзөмөлүндө экендигин кошумчалашты.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаеванын айтымында, зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган балдар үч күндөн, беш күнгө чейин борбордо убактылуу кармалат.

“Турмуштук оор кырдалга кабылган балдарды балдар үйүнө же ата-энесине кайра кайтарып берүүгө комиссиянын жана соттун чечими чыкканга чейин жайгаштырууга жай жок эле. Мына бүгүндөн тарта бул маселе чечилип жергиликтүү бюджеттин, жеке ишкерлердин каржылоосу менен балдарды убактылуу тарбиялоо борбору ачылды. Баардык ыңгайлуу шарты менен, үч маал тамактанышат. Психологдор, тарбиячылар үчүн да штат ачылган”, - деди Б.Токобаева.

“Үмүт шооласы” борборунда кыздар жана уул балдар үчүн уктоочу бөлмө, ашкана, жуунуучу жай жана эс алуучу бөлмө бар. Ош шаарында мындай борбор алгачкы жолу ачылып жатат. Борборго келип түшкөн балдар Ош шаарынын дене тарбия жана спорт, жаштар комитеттерине, ошондой эле, маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин карамагында болот”, - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий