• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында карылар күнүнө карата бир айлык жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. 1-октябрь Карылар күнүнө карата Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, “Каарыларга көңүл буралы жана кам көрөлү” аттуу бир айлык акция жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Жалпы мекеме-ишканаларды, шаардыктарды, жаштарды, коомдук уюмдарды бир айлык акциянын алкагында өткөрүлө турган иш-чараларга активдүү катышууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

20-сетябрдан 20-октябрга чейин жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген каарылардан, жалгыз бой ата, апалардан кабар алып, жакындан жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, шаардагы мекеме-ишканаларда көп жыл бою үзгүрлүү эмгектенген кадырлуу ардагерлер үчүн сый көрсөтүү аземдери уюштурулуп, “Өмүрү өрнөк инсандар” аталышындагы жаштардын, активисттердин ардагерлер менен жолугушуу кечелери өтөт. Ошондой эле, Ош шаарындагы узак жашаган тургундарды үйлөрүнө барып куттуктоо маршруту болот.

Пикир

Оставить комментарий