• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында касапканалардын абалын текшерүү максатында рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде, Ош шаарында мал союучу цехтердин абалына рейддик текшерүү жүргүзүлдү, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, рейдге шаардын вице-мэри Венера Рыскулова баштаган санитардык кызматтардын, ветеринардык көзөмөлдүн, “Ошшаарсууканал”, “Ош-Тазалык” ишканасынын, өрткө каршы жана экологиялык кызматтардын, архитектуранын жетекчилери жана адистери катышты.

Рейддин жүрүшүндө мал союучу жайлардын ветеринардык-санитардык абалына, тиешелүү техникалар менен камсыз болушуна, малды алдын ала текшерүүдөн өткөрүүгө тийиш болгон жайларды уюштурууга да көңүл бурулду.

Айрым мал союучу цехтерде бир катар тартип бузуулар аныкталды. Тиешелүү кызматтардын адистерине рейддин жыйынтыгы боюнча корутунду түзүү, ага ылайык мыйзам бузууларга чара көрүү тапшырмасы берилди.

Рейддин негизги максаты мал союучу жайлардын ишин талапка ылайык келтирүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий