• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында кечкисин окуган окуучуларга акысыз транспорт уюштуруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Ош шаарында кечкисин окуган окуучуларга акысыз транспорт уюштуруу пландалууда.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 10-декабрда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жүргүнчү ташыган компания жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Кечээки рейдде аныкталган жагдайларга байланыштуу маселе козголду.

Вице-мэр күн сайын кечки саат 21:00гө чейин жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө ЖЧКлардын милдети экенин белгиледи. Андыктан рейд учурунда линияга чыкпай койгону аныкталган айдоочулар боюнча эскертүү берилди.

Мындан тышкары, кечки убакытка чейин мектепте окуган окуучуларды акысыз үйүнө жеткирүү маселеси каралууда. Ош шаарынын мэриясы "Бактылуу Коом" кайрымдуулук фонду менен биргеликте бул үчүн акча бөлүп берүүнү пландап жатат. Учурда шаардык билим берүү бөлүмүнө кечки убакытта билим берген мектептерди тактоо боюнча тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий