• 84.8
  • 95.95
  • 1.15

Ош шаарында кичи автобустардын жол киреси 15 сомго чейин жогорулайт

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда кичи автобустарга болгон тарифти көтөрүү маселеси каралды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кезексиз сессияга мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышты.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө күйүүчү май, автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тартышканын, ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралганын билдирди.

Шаардык кеңештин депутаттары кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен кичи автобустарга болгон төлөм күндүзү 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Ал эми окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок.

Белгиленгендей, жаңы тариф 1-декабрдан тарта иштеп баштайт.

Пикир

Оставить комментарий