• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Күн мурун, 17-мартта Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы спорттук иш-чара менен белгиленди.

Ош шааррдык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов катышып, куттуктоо сөзүн айтты.

"Кандай гана кырдаал болбосун, күнү-түнү эл үчүн эмгек кылып, ак кызмат көрсөтүп келе жатасыздар. Пандемия учурунда да шаар тургундарынын жашоо шартына кам көрүп күжүрмөн эмгегиңерди көрсөтө алдыңар. Сиздердин жасаган эмгегиңиздер баа жеткис. Тазалыкта, көрктөндүрүүдө, жарык менен, таза суу менен, жылуулук менен камсыздоодо бүт эмгекти жумшап, кыйын кырдаалдан алып чыгып кеткен кызматкер деп силерди билем. Ден соолукка кам көрүп, кесиптик майрамыңарды спорттук иш-чара менен белгилеп жатасыңар. Мындан ары да шаардын гүлдөп өсүшү үчүн биргеликте эмгек кылып жүрө берели. Кажыбас кайрат, күч кубат каалайм. Шаар тургундарынын жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем", - деди шаар башчысы.

Волейбол боюнча уюштурулган мелдешке жалпысынан жети команда катышты.

1-орунду "Ош шаарынын муниципалдык турак-жай" коммуналдык башкармалыгынын, 2-орунду Ош шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын, 3-орунду "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасынын командалары камсыздап, кубок, диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми калган командалар активдүү катышкандыгы үчүн диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Спорттук иш-чара Ош шаарынын мэриясынын ден тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий