• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, түшүндүрүү иштерине Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчилиги жана адистери, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.

Вице-мэр ар бир жаран өзү үчүн жооп берип, жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Билим берүү мекемелери ачылып, шаарда элдин агымы көп болгондугуна байланыштуу, күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иш жүргүзүлөт деп кошумчалады.

Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарда эскертүүлөр берилди.

Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктердин бардыгы, жүргүнчүлөрдүн беткап кийүү тартибине көңүл бурулду.

Текшерүү иштери уланат.

Пикир

Оставить комментарий