• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Күн мурун, 22-апрелде Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү.

Рейдге Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана кайгуул милициясы катышты.

Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарга эскертүүлөр берилди.

Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктердин болушуна, жүргүнчүлөрдүн беткап кийүү тартибине көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий