• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар. Бүгүн, 4- августта Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү. Рейдге Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчилиги жана адистери, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын жетекчиси катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарга административдик айыптар салынып, эскертүүлөр берилди.

Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктердин бардыгы, жүргүнчүлөрдүн аралык сактоосу жана беткап кийүү тартибине көңүл бурулду.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 101 айдоочуга санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн чара көрүлгөн.

Мэриядан кошумчалашкандай, текшерүү иштери уланат.

Пикир

Оставить комментарий