• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында коомдук транспорттун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Ош шаарында коомдук транспорттун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү күчөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, Ош шаардык Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери коомдук транспорттун айдоочулары менен жол кыймылынын эрежелерин, автоунаалардын техникалык абалын жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.

Биринчи класстын окуучулары үчүн окуу сезону башталганына байланыштуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте жол коопсуздугу боюнча да иш күчөтүлдү.

Түшүндүрүү иштерине өзгөчө басым коомдук транспорттун иштеши үчүн зарыл болгон техникалык стандарттарды жана эрежелерди сактоого бурулат.

Бул багытта түшүндүрүү иштери уланат.

Пикир

Оставить комментарий