Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Саясат 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. 27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Ху менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу жана Ош шаарында Корея маданиятынын айын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Ош шаарында корей тилин өздөштүргөн жаштар арбын экендигин айтып, маданият айы ийгиликтүү өтө тургандыгын кошумчалады.

“Ош тарыхка бай шаарлардын катарын толуктайт. Учурда 50дөн ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашап келет. Акыркы мезгилдерде корей тилин үйрөнүп жаткан жаштар көп. Андыктан корей маданиятынын айы өз жемишин берет деп ишенем. Ал эми Ош шаарынын мэриясы элчилик тарабынан демилгеленген иш-чараларды колдоого даяр”, - деди З.Аскаров.

Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Ху билим берүү, айыл-чарбасын өнүктүрүү багытында түрдүү долбоорлор, семинарлар ишке ашып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле, мындан ары экинчи борбор шаарда да элчилик тарабынан түрдүү иш-чаралар уюштурулуп тураарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Корей маданиятынын айында төмөнкү иш-чаралар өтөт:

  • 28-апрелде 17:00до Бабур театрында корей кинотасма фестивалынын расмий ачылышы; (27-28-апрелде 17:00дон 20:00го чейин, кирүү акысыз)
  • 29-апрелде саат 14:00до ОУДТда корей тилиндеги ырлар жана бийлер сынагы;
  • 11-майда 14:00до ОшТУда корей тили боюнча оратордук сынак;

Пикир

Оставить комментарий