• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында коронавирус жуктурган 111 жаран айыкты — вице-мэр

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында коронавирус жуктурган 111 жаран айыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу.

"Илдетти жалпы 127 жаран жуктурган. Анын 111и айыкты, калган 16 жаран дарыланып жатат. Ошондой эле 2 киши каза болгон. Шаардагы обсервацияларда 525 адам болууда. Ал эми үй карантинде 775 адам бар", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1270ке жетти. Алардын ичинен 266си медицина кызматкери. Илдеттен 910 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий