• 84.8
  • 101.48
  • 1.12

Ош шаарында коронавирус жуктуруп алган 4 бейтаптын абалы өтө оор – мэрия

COVID - 19 0

Бишкек, 24.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ош шаарында коронавирус жуктуруп алган 4 бейтаптын абалы өтө оор. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов билдирди.

Анын айтымында, 24-декабрга карата шаарда жалпы 5 миң 483 адам ооруга кабылган.

"Алардын ичинен 3 миң 331и коронавирус, 2 миң 152си пневмония менен ооруган. Жалпы 178 адам каза тапты. Алардын 29у коронавирустан, 65и пневмониядан, 84ү башка себептерден улам көз жумган", - дейт ал.

Шадыханов белгилегендей, ооруканаларда жаткан 4 адамдын абалы өтө оор, 25и оор, 23ү орто абалда дарыланууда.

"Ош шаарында жалпы 582 орундук даярдалган. Ошондой эле жыл башынан бери 281 миң 816 үй кыдырылып, 495 миң 516 адам каралган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий