• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында коронавирусту алдын алуу боюнча атайын штабдык отурум болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.03.20. /Кабар/. Күн мурун, 13-мартта Ош шаарында коронавирусту алдын алуу боюнча атайын штабдык отурум болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, оорукана башчылары, МАБдардын башчылары жана штабдын мүчөлөрү катышты. Штабдын отурумунун күн тартибинде Ош шаарынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө жана ыкчам чараларды көрүү боюнча мэриясынын алдында түзүлгөн штабдын протоколук тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө болду.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов алдын алуу иштери боюнча маалыматтарды угуп, жетекчилерди көңүл кош карабоого чакырды. Штабдык отурумда тиешелүү кызматтарга берилген протоколдук тапшырмалар:

1) Коронавирустук инфекция ( СОVID- 19)боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш- чараларды өткөрүүнү убактылуу чектөө;

2) Аба жана жол каттамдары аркылуу келген биринчи, экинчи баскычтагы коркунуч жараткан өлкөлөрдөн келген жарандар, алар менен байланышта болгон жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин Алгоритмине ылайык тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, атайын даярдалган обсервацияларда 14 күндүк изоляцияда каралып, андан кийин аймактык дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болуусу;

3) Кошумча обсервацияларды уюштуруу (өзгөчө кырдаал болгон учурда), медициналык буюмдар, эмеректер, дары-дармектер менен жетиштүү санда камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу;

4) Графиктин негизинде жогорку жана орто окуу жайларында, жалпы билим берүүчү мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде, бала- бакчаларда, мамлекеттик жана жеке менчик саламаттыкты сактоо мекемелеринде короновирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; - Билим берүү мекемелеринде күчөтүлгөн тартипте санитардык-гигиеналык абал көзөмөлгө алынып, дезинфекциялык иштер жана таза суу, антисептикалык каражаттар менен камсыздоо;

5) Республикалык штабдын протоколдук тапшырмаларынын негизинде коомдук тамактануучу жайларда, ашканаларда жана ресторандарда, соода түйүндөрүндө, муниципалдык жана жеке менчик базарларда, жеке менчик такси кызматы, жеке менчик окутуу борборлорунда, эс алуу жайларында жана балдардын көңүл ачуу борборлорунда коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү; Шаар аймагындагы азык- түлүк продукцияларынын баалары, саны, сапатын көзөмөлгө алынып, күн сайын мониторинг жүргүзүү;

6) Өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда туруктуу коомдук- саясий абалды сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар көрүү; - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы кошумча обсервациялар түзүлгөн учурда тиешелүү эмеректер, транспорт, палаткалар, тамак- аштар менен камсыз кылуу; - Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шаар аймагында коронавируска байланыштуу түзүлгөн обсервациялардын жана ооруканалардын коопсуздугун камсыздоо;

7) Аба жана жол каттамы аркылуу келип, депортацияга кабылган чет элдик жарандар боюнча мыйзам чегинде иш алып барылсын, алардын тамак- аш, жатакана менен камсыз болуусу көзөмөлгө алуу. Тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыктарда калк арасында коронавируска байланыштуу профилактикалык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүү;

- МАБдарда жайгашкан ресторан, кафе, көңүл ачуучу жайларда массалык иш- чара, той, мааракелердин болуусун чектөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

9) Шаар аймагындагы мамлекеттик, муниципалдык транспорт каражаттарына дезинфекциялык иш-аракеттерди күн сайын жүргүзүү;

10) Ош шаарынын казыятына караштуу мечиттерде жана диний окуу жайларында, жамаатар арасында профилактикалык-түшүндүрүү иштери жүргүзүү жана мечиттерде, намазканаларды дезинфекциялык иштерди улантуу;

Штабдын протоколдук тапшырмаларын аткарууну көзөмөлдөө иштери Ош шаарынын вице-мэрлерине жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий