• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында кошумча 500 орун даярдалып, медициналык стационардык борбор ишке кирет

Аймак 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Ош шаарында пневмония жана коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашык орундар даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтардын катышуусу менен өткөрүлгөн жыйында билдирген.

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, жыйында шаар мэри ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин айтып, оор бейтаптар, жеңил жана орто абалдагы бейтаптар үчүн орундар даярдалуусу керектигин белгилеген.

“Биз ар кандай абалга даяр болушубуз керек. Жабык имараттарда оор абалдагы бейтаптар үчүн орундар даярдалсын. Жеңил жана орто бейтаптар үчүн да өзүнчө стационар борборлорун даярдагыла. Ал борбордон бейтаптар тамчылатма дары (капельница) алып, дарыгерлер жардам көрсөтүшөт. Ал эми оор абалдагылар оорукана алынып барат. Борборду мен бүгүн кечинде барып текшерем. Мындай кырдаалда бири-бирибизге жардам беришибиз керек”, - деди мэр.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кыялбек Ташболотов менен СЭСтин башчысы Санталат Орозбаева эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат беришип, абал оорлошуп жаткандыгын билдиришкен. Кычкылтек концентратору жана жасалма дем алдыруучу аппараттарын көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканына айтышкан.

Мэр дарыгерлердин резервин түзүү, жеке медициналык клиникаларды да СОVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардам берүүгө чакырган. Ошондой эле мобилдик бригадалар жана колл-борборлордун чыгымдарына көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий