• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында куруучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жыл жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн архитектура жана курулуш тармагында эмгектенген кызматкерлерди Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Вице-мэр Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан куттуктоо сөзүн айтып, жаңы жыл курулуш тармагында жакшы жаңылыктарды алып келсин деген каалоо тилегин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий