• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында куруучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 8-августта Ош шаарында куруучулардын кесиптик майрамы белгиленди. Ага вице-мэр Жасур Азимов, Ош шаардык кеңешинин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, куруучулар жана архитекторлор катышты, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

“Үстүбүздөгү жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир топ курулуш объектилерин куруу пландаштырылган. Аларды ишке ашырууда сиздер сыяктуу дасыккан куруучулардын, архитекторлордун эмгеги чоң. Жакынкы аралыкта куруучулардын эмгеги менен тургузулуп жаткан бир топ социалдык объектилерди шаардыктарга тапшырабыз. Ош шаарынын гүлдөп өсүүсүнө кошкон салымыңыздар баа жеткис”, - деди Ж.Азимов.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарнын мэриясынын жана шаардык кеңештин ардак грамотасы менен куруучулар жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлери сыйланды. Мындан тышкары айрымдарына "Ак кызмат" төш белгиси тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий