• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында «Куттуу эл» биринчи Улуттук форуму өтүп жатат

Аймак 0

Ош, 19.05.22. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн «Куттуу эл» биринчи Улуттук форуму старт алды.

Форум президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгынын алкагында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовдун колдоосу менен өтүп жатат.

Форумдун ишине белгилүү окумуштуулар, ар кайсы тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Форумдун жүрүшүндө окумуштуулардын, академиктердин улуттук идеология, улуттук идеологияны өнүктүрүүдө жаңы технологияларды колдонуу боюнча баяндамалары угулат. «Куттуу эл» биринчи Улуттук форумунун жыйынтыгында Ош резолюциясына кол коюу күтүлүүдө.

Ал эми 20-майда Ош шаарында бир катар маданий иш-чаралар өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий